Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын Логвиненко жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук жайда адепсиз жорук жасаган чет элдик жарандын видеосу тарады. Күбөлөр чет элдик жаран тротуардын жанында эле заара ушатып жатканын билдирди. Алардын жанынан өспүрүм кыздар да өтүп бара жатканы кошумчаланды.
Аталган факты боюнча шаардык милиция тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, жарандын өздүгү такталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша анын аракеттерине мыйзам чегинде укуктук баа берилери белгилүү болду.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-июлда ИИМ Кытай элчилиги менен биргеликте кытайлыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө камынып жатканын билдирген эле.