
Нарын облустук милициясынын кызматкерлери чет өлкөлүк туристтин жоголгон буюмдарын таап беришти.
Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Германиянын 28 жаштагы Ханна Паулине Цвайгарт аттуу жараны Ат-Башы районунан Нарын шаарына келе жатып, өзүнө таандык жарандык паспортун жана акча каражатын жоготуп алган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында туристтин жоголгон жарандык паспорту жана акча каражаты толугу менен табылып, мыйзамдуу ээсине өткөрүлүп берилген.