Биз социалдык тармакта

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу китеп кыргызча жарык көрдү (видео)

Кечээ, 21-июлда, Кыргызстанда "Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" аттуу китептин кыргызча басылмасы чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, китептин бет ачары Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломаттар, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан.

Басылмада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн реформалар, өлкөнүн өнүгүү багыты жана мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар камтылган.

Китептин кыргыз тилинде жарык көрүшү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Кыргызстанда Шавкат Мирзиёев тууралуу китеп жарык көрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан