Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө милицонерлерден качып, кайра жакалашкан мас айдоочу кармалды

Түп районунда жол тескөөчүлөрдөн качкан 34 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.

Маалымдалгандай, ал жогорку ылдамдыкта качып бара жатып, айылдардын биринен унаасы менен арыкка түшүп кеткен. Буга карабай айдоочу жол тескөөчүлөргө каршылык көрсөтүп, күч колдонуп, одоно сөздөр менен сөккөн.

Мындан тышкары, ал кызматтык унаа эшигин тепкилеп, материалдык зыян келтирген. Анын мас абалында унаа башкарганы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ысык-Көлдө милицонерлерден качып, кайра жакалашкан мас айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан