
Бүгүнкү күндө дээрлик 2,94 миллион адам "Түндүк" тиркемеси аркылуу санариптик медициналык кызматтарды колдонууда.
Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, алар тиркеме аркылуу дарыгерге онлайн жазылып, анализдеринин жыйынтыктарын алып жатышат.
"Телемедицина алыскы аймактардагы балдарды адистер менен байланыштырып, санариптик чечимдер энелердин саламаттыгы, эмдөө жана майыптыгы бар адамдар үчүн кызматтарды жакшыртууда", - деп айтылат маалыматта.