Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылы майыптыгы бар жарандарга 257 араба берилгенин билдирди.
Маалымдалгандай, алардын ичинде чоңдор үчүн, балдар үчүн көп функциялуу, ошондой эле гуманитардык жардам катары алынган майыптар коляскалары бар.
"Майыптардын кресло-коляскалары Кыргызстандын жарандарына 5 жылдык мөөнөткө берилет. Майыптыгы бар адамдарга стандарттык же көп функциялуу майыптардын кресло-коляскалары 3 жашынан баштап бекер берилет. Аны медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары – МСЭК) корутундусунун негизинде алууга болот", - едп белгиленди маалыматта.