Биз социалдык тармакта

Франция 15 жашка чейинки балдарга соцтармактарды колдонууга тыюу салды

Франциянын парламенти 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Документке президент Эммануэль Макрон кол койгондон кийин сентябрдан тарта күчүнө кириши күтүлүүдө.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жаңы аккаунт ача алышпайт, ал эми онлайн-платформалар 2027-жылдын 1-январына чейин бул курактагы колдонуучулардын учурдагы аккаунттарын өчүрүшү керек. Ошондой эле соцтармактар жаш куракты текшерүү механизмдерин киргизүүгө милдеттендирилет.

Бул демилге балдардын психикалык саламаттыгына социалдык тармактардын терс таасири тууралуу адистердин эскертүүлөрүнөн кийин кабыл алынганы маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан