Биз социалдык тармакта

Бишкекте жергиликтүү тургундун видеосунан кийин мыйзамсыз бак кыюу фактысы аныкталды

Бишкек шаарындагы Пудовкин көчөсүндө бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталып, жооптуу тарапка 17 миң сом айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү Инстаграм социалдык тармагында жарыяланган маалыматтын негизинде жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзам бузуу аныкталып, борбордун жашылдандыруу муниципалдык ишканасына административдик чара көрүлдү.

Министрлик жарандарды жаратылышка зыян келтирген фактыларга кайдыгер карабоого чакырып, мындай мыйзам бузуулар аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Бишкекте жергиликтүү тургундун видеосунан кийин мыйзамсыз бак кыюу фактысы аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан