Индиянын Ражастхан штатындагы Тодарайсингх шаарында илбирс шарап сатылган дүкөнгө кирип, 3 адамды жарадар кылды.
Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, илбирс адегенде токой кызматкерине кол салып, андан соң эл көп жүргөн базарга кирген. Кийин ал шарап дүкөнүндөгү 2 адамды жарадар кылган. Жабыркагандардын экөө ооруканага жеткирилсе, дагы бирине жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Окуя болгон жерге токой чарбасынын кызматкерлери жана атайын адистер келип, дээрлик беш сааттан кийин илбирсти уктатып кармашкан. Андан соң жаныбар медициналык кароодон өткөрүү үчүн токой чарбасына жеткирилген.