Социалдык тармактарда үйүндө жүрүп жаткан оңдоо иштеринен репортаж жасаган баланын видеосу кеңири тарап, миллиондогон көрүүлөрдү топтоду.
Видеону баланын апасы жарыялаган. Анда баласы олуттуу үн менен үйдөгү оңдоо иштерин репортаж форматында баяндап, өзүн чыныгы кабарчыдай алып жүрөт. Ал эми апасы менен эже-карындаштары дубалдарды актап жатышат.
Кызыктуу видео интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп, көпчүлүк баланын юмор сезимине жана жөндөмүнө баа беришкен.