Бүгүн, 22-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол капчыгайына барчу жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирип, жергиликтүү бийликтин чечими болгонун кошумчалады.
Маалыматта анын себеби 21-22-июль күндөрү жаап өткөн нөшөрлүү жаандан улам Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам жарандарды, туристтерди аталган аймакка барбай турууга чакырат.
Белгилей кетсек, ӨКМ 21-25-июль күндөрү нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскерткен.