Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт (видео)

Кыргызстан жер көчкү коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына кирип, учурда 3800 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, алардын 2415и мамлекет тарабынан жер тилкеси жана жардам берилгенине карабастан, кооптуу аймактан көчө элек. Эң көп көрсөткүч Ош облусунда катталган. Облуста 2396 үй-бүлө жер көчкү кооптуу аймактарда жашайт. Алардын 1475и коопсуз жерге көчүп чыга элек.
Министрлик жарандарды жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так сактоого жана өз убагында коопсуз жайларга көчүүгө чакырат.
Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан