Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүү пландалууда

Кечээ, 21-июлда өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында, залкар жазуучу, дипломат жана мамлекеттик ишмер Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы өз сөзүндө жазуучунун 100 жылдык мааракеси улуттук гана эмес, эл аралык деңгээлдеги маанилүү маданий окуя болуп саналарын белгилеп, бул мааракелик иш чараны жогорку деңгээлде даярдап, өткөрүү зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана жооптуу түзүмдөргө иш-чаралар планында каралган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруусун эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан