Биз социалдык тармакта

Улуу Британияда 2,5 миңдей соттолгон адам мөөнөтүнөн мурда бошотулат

Бүгүн, 22-июлда, орусиялык "Кommersant" басылмасы Улуу Британияда түрмөлөрдүн ашыкча толушуна байланыштуу 2,5 миңдей абактагы адамдар мөөнөтүнөн мурда бошотуларын жазды.

Маалыматка караганда, өлкөдөгү абактар дээрлик 99 пайызга толуп калган. Жаңы тартипке ылайык, айрым оор кылмыштар үчүн соттолгондор жазанын жарымын өтөгөндөн кийин бошотулушу мүмкүн. Алгачкы бошотуулар сентябрь айында башталары күтүлүүдө.

Ошол эле учурда бийлик өзгөчө кооптуу деп табылган кылмышкерлер жана жашы жете электерге каршы сексуалдык кылмыш жасагандар бул программага киргизилбей турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан