Бүгүн, 22-июлда Ысык-Көлдүн Тоң районунда жааган жамгырдан улам сел суусу Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 104-чакырымындагы убактылуу айланып өтүүчү көпүрөнү бузуп кетти.
ӨКМдин облустагы башкармалыгы билдиргендей, учурда жеринде куткаруучулар жана атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Унаалар үчүн жол каттамы ачык.