АКШнын президенти Дональд Трамп ФИФАнын президенти Жанни Инфантинону Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы кызматында көргүсү келерин билдирди.
New York Post басылмасынын маалыматына караганда, Трамп Инфантино дүйнө жүзүндө кадыр-баркка ээ болуп, адамдарды бириктире алган лидер деп эсептейт. Экөөнүн мамилеси быйылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун уюштуруу учурунда жакындашканы маалыматта кошумчаланды.
Ошол эле учурда Инфантино буга чейин ФИФАнын президенти кызматына кайра талапкер болууну көздөөрүн билдирген.