Кыргызстан менен Тажикстандын айрым аймактарды алмашуусунун жыйынтыгында үйүнөн ажыраган Ыхывал Абдувалиеванын үй-бүлөсүнө Лейлек районундагы Раззаков айылынан үй берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалым болгондой, Абдувалиева жана анын үй-бүлөсү Тажикстандын жарандары болгон. Алар 2016-жылдан баштап кыргыз жарандыгын алып баштаган. 2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында Абдувалиевалар жашаган үй Тажикстандан Кыргызстанга өткөн. Мындай учурда, мыйзамга ылайык тажик тарап жарандарды турак үй менен камсыздоосу керек. Бирок Абдувалиеванын үй-бүлөсү кыргыз жарандыгын алып Кыргызстанда жашагандыктан турак үй ала алышкан эмес.
Алар Бишкек шаарында батирде жашап жүрүп, маалымат каражаттары аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Өз кезегинде президент жергиликтүү бийликке үй менен камсыздоону тапшырган. Абдувалиева сыяктуу Лейлекте дагы 8 үй-бүлө бар. Аларды да алдыда турак жай менен камсыздоо пландалууда.
Белгиленгендей, эки өлкөнүн айрым аймактарды алмашуусунун жыйынтыгында, Баткен облусундагы 259 турак үй Тажикстанга, ал эми Тажикстандын Согди облусундагы 214 турак үй Кыргызстанга өткөн.