Бүгүн, 22-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунда "Маалыматтык технологиялардын коопсуздугу боюнча адис" кесиби боюнча баалоо өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Баалоого IT тармагында 14 жылдык тажрыйбасы бар Догдурбай уулу Калыгул катышып, кесиптик билими, практикалык көндүмдөрү жана маалыматтык технологиялар коопсуздугун камсыз кылуу боюнча компетенциялары бааланды.
Жыйынтыгында ал өзүнүн кесиптик квалификациясын ийгиликтүү тастыктады. Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жарандардын билимдерин, көндүмдөрүн жана иш тажрыйбасын баалап, мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берүү иштерин жүргүзөт.