Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө азайды

Өткөн суткада Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 48 миллион 400 миң киловатт-саатты түзүп, мурунку күндөргө салыштырмалуу төмөндөгөнү белгилүү болду.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 22-июлга карата өлкөнүн энергетика тутуму штаттык режимде иштеп, электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.

Учурда күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында пландуу оңдоо иштери уланууда. Энергетиктер жарандарды өзгөчө эң жогорку жүктөм маалында электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан