Биз социалдык тармакта

Wildberries кампаларындагы чабуулдан жабыркаган кыргыз ишкерлеринин зыяны эсептелүүдө

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries-Russ компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугуп, Москва жана Тамбов облустарындагы логистикалык кампаларга болгон чабуулдун кесепеттерин талкуулады.

Мекемеден билдиргендей, аталган окуядан кийин кампаларда товарлары сакталган кыргызстандык тигүү тармагынын ишкерлери да жабыркаганы белгилүү болду.

Учурда Wildberries-Russ компаниясы келтирилген зыянды баалоо, кампалардагы товарларды инвентаризациялоо иштерин жүргүзүүдө. Министрлик да ата мекендик ишкерлердин чыгымдарын аныктоо боюнча маалыматтарды чогултууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан