Казакстанда Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча иште соттолгон Бакытжан Байжанов амнистия мыйзамынын негизинде эркиндикке чыкты.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, сот 22-июлда аны бошотуу чечимин кабыл алган. Анын жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү үч айдан бир аз ашык убакытты түзгөн.
Айта кетсек, Байжанов 2024-жылы өзгөчө оор кылмышты жашырган деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Ал бул иш боюнча мурдагы Казакстандын улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев менен бирге соттолгон. Бишимбаев 2024-жылдын май айында жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөнү үчүн 24 жылга кесилген.