Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Элебесов, Безымянная жана Кожевенная көчөлөрүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мэриядан билдиргендей, Элебесов көчөсүндө мэр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, канализация маселесин талкуулады. Анын жыйынтыгында "Бишкексууканал" ишканасына тармактарды тартуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп, үч күндүн ичинде жооп берүү тапшырылды.
Ошондой эле Кожевенная көчөсүндө оңдоо иштерине тоскоол болгон тосмолорду алуу боюнча тапшырмалар берилди.
"Долбоорго ылайык, Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки 4,1 чакырымдык бөлүгү толугу менен жаңыланып, төрт тилкелүү жол, тротуарлар жана ирригациялык система курулат. Адегенде канализация тармактары тартылып, андан кийин жолго асфальт төшөлөт.", - деп белгиленген маалыматта.
Мэр жол курулуп бүткөндөн кийин кайра бузууга жол бербөө үчүн бардык коммуникациялар алдын ала чечилиши керектигин белгиледи.