"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган Каныкей, "Заманыбыздын супер алпаруучулары" Эрмек Нурбаев жана Нурзат Токтосунова, "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" Добр жана "Супер сулуу-2013" наамынын ээси Орункул Шабралиева жана гезиттин кызматкерлеринен турган топ учурда Алматы аэропортунда, Араб Эмираттарынын Шаржа шаарына жол алганы турушат.
Жылдыздар андан ары жолун Цейлондун Коломбо шаарына улашмакчы. Казактардын калаасы кыргызстандыктарды бүркөө кабагы менен тосуп алды. Ага карабай жылуу өлкөнү эңсеп турган топтун маанайы ачык.