АКШнын президенти Дональд Трамп Иран Ормуз кысыгындагы кемелерге ар бир чабуул жасаган сайын, АКШ жооп катары Ирандагы бирден көпүрөнү же электр станциясын бутага аларын билдирди.
Анын айтымында, эгер Иран ракета, учкучсуз учак же башка курал менен Ормуз кысыгындагы кемелерге сокку урса, АКШ Ирандагы, анын ичинде Тегеранга жакын жайгашкан көпүрөлөрдү жана электр станцияларын бомбалайт.
Эске салсак, Трамп 8-июлда Иран менен жетишилген ок атышууну токтотуу боюнча келишим күчүн жоготконун билдирген. Андан кийин АКШ Ирандагы бир катар буталарга сокку урганын маалымдаган. Вашингтон бул аракеттерди Ормуз кысыгынан өткөн коммерциялык кемелерге каршы чабуулдарга жооп катары түшүндүргөн.
Өз кезегинде Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы бир катар аскердик базаларына сокку уруп, Вашингтонду ок атышууну токтотуу тууралуу меморандумду бузду деп айыптаган.