Талас облусундагы “Жер Үй” алтын кениндеги вахталык шаарчанын курулушуна мамлекеттик мониторинг жүргүзүлдү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө административдик-тиричилик корпусу менен 224 орундуу жатакананын курулуш иштери каралып, алардын долбоорго шайкештиги, курулуш материалдарынын сапаты жана техникалык документтердин талаптарга жооп бериши текшерилди.
Жыйынтыгында подрядчы компанияга курулуш иштеринин сапатын күчөтүү, этаптык кабыл алууларды талаптарга ылайык өткөрүү жана курулуш материалдарын өз убагында лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү боюнча сунуштар берилди.