Түркиянын Стамбул шаарында катуу шамал коштогон бороон болуп, анын кесепетинен учактар аэропортторго коно албай жатат.
Түркиянын Hürriyet басылмасынын маалыматына ылайык, катуу шамал аба каттамдарынын коопсуздугуна таасир этип, бир катар учактардын конуусу убактылуу токтотулган.
Азырынча жабыркагандар же аэропорттордун ишиндеги кечигүүлөр тууралуу расмий маалымат айтыла элек.