Биз социалдык тармакта

Токмокто жолдошу тарабынан сабалды делген келин боюнча милиция үн катты

Чүй облусунун Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Милициянын маалыматына ылайык, 10-июлда аялын чай ичүүчү чыны менен уруп, денесине залал келтирген деп шектелген жаранга карата чара көрүлүүдө.

Жабырлануучу арыз-доосу жок экенин билдиргенине карабастан, ага коргоо ордери берилди. Ошондой эле анын тууганынын арызынын негизинде шектүүгө карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча протокол түзүлүп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде акыркы чечим кабыл алынат.

Зомбулук көргөн келиндин сүрөттөрүн жакындары бөлүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан