Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык жигит Казакстандын тулпарын байгеге чыгарды (видео)

Кечээ, 22-июлда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн “Ысык-Көл Кубогу – 2026” эл аралык ат чабыш мелдешинде аламан байге жарышында кызыктуу окуя болду.

Көп чакырымдык жарыш маалында Казакстандан келген чабандес аттан кулап, мелдешти уланта албай калган. Ошол учурда кыргызстандык жаш чабандес Алихан Аскарбеков атка минип, жарышты улантып, марага үчүнчү болуп келди.

Кийинчерээк аттын ээси, Казакстандын жараны, 3-орун үчүн каралган 250 миң сом байге каражатын Алиханга тапшырган.

Интернет желесине мелдештин видеосу тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

Кыргызстандык жигит Казакстандын тулпарын байгеге чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан