Транспорт министрлиги сел жүргөн бир катар унаа жолдорунда тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады. Ага ылайык,
- Таш-Көмүр - Кербен - Ала-Бука унаа жолунун 40-54-чакырымдар аралыгында 8 жерден;
- Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-134-чакырымында;
- Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун 104-чакырымында, Кажы-Сай айылында жаандын кесепетинен сел жүргөн.
Учурда атайын техникалардын жардамы менен аталган жолдордо тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Унаа кыймылы калыбына келтирилди.