Түндүк айланма жолунун курулушун өз убагында аяктап, пайдаланууга берүү максатында иштер эки нөөмөт менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жол куруучулар түнкүсүн да тыным албай эмгектенишүүдө. Аталган унаа жол 4-6 тилкелүү болот. Ага мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн.