Ош шаарында өспүрүмгө кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында шектүү жаран камалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя 21-июлда болгон. Эртеси күнү жабырлануучунун апасы милицияга арыз менен кайрылып, 2011-жылы туулган уулу белгисиз себептерден улам ур-токмокко алынганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жабырлануучу жана күбөлөр суракка алынышты. Ошондой эле өспүрүмдүн алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жаңжал өспүрүмдөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыккан. Шектүү катары 1982-жылы туулган П. А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Буга чейин аталган окуянын видеосу интернет желесине тарап, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.