
Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2026-жылга карата пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Берилген маалыматка ылайык, Кызыл-Эшме участкасында белгиленбеген жерге таштандыларды таштоо боюнча 17 миң сом айып салынды. Ошондой эле айыл өкмөтүнө тиешелүү 1 кызматтык унаадан ченемден ашык булгоочу газ чыкканы аныкталып, 23 миң сом админстративдик айып салынды.