Кечээ, 22-июлда саат 20:48де Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан 7 чакырым түндүктө, Жерге-Тал айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта, Нарын шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта жана Бөкөнбаев айылынан 110 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Оттук айылында 3 балл, Жерге-Тал айылында 2 балл күчүндө сезилген.