Биз социалдык тармакта

Чукул билдирүү: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Бүгүн, 23-июлда жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөшү, катуу шамал күтүлүүдө.

ӨКМден маалымдашкандай, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Министрлик жарандарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

  • Зарыл болбосо сыртка чыкпоо;
  • Дарактардын, электр мамыларынын жана жарнамалык конструкциялардын жанында турбоо;
  • Унааларды бак-дарактардын жана кооптуу объекттердин алдына токтотпоо;
  • Кооптуу кырдаал жаралса, 112 кызматына кабарлоо.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан