Кечээ, 22-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева Чүй облусунун Москва районуна иш сапары менен барып, райондогу коомдук кабылдамасынын расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалды.
Иш сапардын алкагында эл өкүлү Аялдар кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуп, аялдардын коомдогу орду, үй-бүлөнү колдоо жана жаштарды тарбиялоо маселелерин талкуулады.
Ошондой эле депутат Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолугуп, аймакты өнүктүрүү маселелерин жана 2027-жылга карата артыкчылыктуу багыттарды талкуулады.
Депутаттын айтымында, жаңы ачылган коомдук кабылдама жарандардын кайрылууларын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүүгө көмөк көрсөтөт.