Биз социалдык тармакта

Мексикада акыркы 2 жыл ичинде 14-мэр өлтүрүлдү

Мексиканын Морелос штатындагы Темоак шаарынын мэри Валентин Лавин Ромеро 22-июлда иш ордунда атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, куралчан адамдар муниципалитеттин имаратына кирип, мэрге ок чыгарышкан. Полиция кылмышка шектүүлөрдү издөөдө. Буга чейин январь айында дагы ага кол салуу болуп, бирок аман калган.

Темоак шаары баңги картелдери активдүү иштеген Морелос аймагында жайгашкан. Расмий маалыматтар боюнча, Мексикада 2006-жылдан бери дээрлик 100 мэр кылмышкерлердин колунан каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан