Ош шаарындагы Ош жана Жийделик көчөлөрүн кеңейтүү жана көрктөндүрүү максатында эскиздик долбоорлор иштелип чыкты.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, учурда жолду кеңейтүү үчүн объекттерди алуу жана бузуу (снос) иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, көчө 4 тилкелүү курулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн заманбап тротуарлар, жашыл аймактар жана шаардык инфраструктуранын зарыл элементтери каралган.