Бүгүн, 23-июлда орусиялык басылмалар Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Анна Скороходдун билдирүүсүн жазып чыгышты. Ал Михаил Федоров кайрадан Украинанын коргоо министри кызматына кайтып келсе, президент Владимир Зеленскийдин бийлигине коркунуч жаралышы мүмкүн экенин айткан.
"Эгер азыр Федоровду кайра кызматка кайтарышса, анда Зеленский такыр эле кетиши мүмкүн. Мен бул жерде убактылуу өкмөттү же шайлоону күтүп жатам. Бирок мамлекеттик төңкөрүш болушу мүмкүн деген пикирге көбүрөөк ыктап жатам. Бул оңой, арзаныраак жана тезирээк болот",- деген Скороход.
Ал ошондой эле Зеленскийди мындан ары көпчүлүк олуттуу кабыл албай калганын айтып, аны "өз адамдары четтетиши мүмкүн" деген пикирин билдирген.