Бүгүн, 23-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү.
Президенттик администрациядан билдиргендей, отурумда негизинен өлкөнүн ички рыногун мунайзаттары менен камсыздоо каралып, мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматы угулду.
Касымалиев отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунайзат менен үзгүлтүксүз камсыздоо, мониторингди күчөтүү, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштерин тездетүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, учурда Бишкектеги айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы өсүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, АИ-95 бензининин баасы 100 сомдон ашса, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 80 сомдон жогору сатылууда. Автоунаалар үчүн газдын баасы да ушул чектерге жакындады. 8-июлдан тарта өкмөт АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын жөнгө салбай турганын билдирген.
Ал эми бул жааттагы маселелерди жоюу үчүн төрт мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын энергетика министри билдирсе, Кытай менен Беларустан күйүүчү майдын алгачкы партиялары келе жатканы да маалым болду.