Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов чет өлкөлүк инвесторлорго ижарага жер берүү маселеси боюнча пикирин билдирди.
Ал мурунку бийликтегилердин учурунда эле инвесторлорго жерлер берилип келгенин белгиледи.
"Мындай укуктук механизм Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан бери эле колдонулуп келген.
1992-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" мыйзамда жерди 50 жылга чейин пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү каралган.
1999-жылы кабыл алынган Жер кодексинде да мөөнөттүү жер пайдалануунун эң жогорку чеги 50 жыл деп белгиленип, чет өлкөлүк жактарга жерди убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү бекитилген. Бул мыйзамдар Аскар Акаевдин президенттик мезгилинде кабыл алынган. Кийин Курманбек Бакиевдин жана Алмазбек Атамбаевдин президенттик мезгилдеринде да бул механизм сакталып, иш жүзүндө кеңири колдонулган",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Шыкмаматов ошондой эле кайсы жылдары канча жер берилгени тууралуу расмий маалымат менен бөлүштү.
"Расмий маалымат боюнча, 2011-2017-жылдардын аралыгында эле Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк инвесторлорго 64 жер тилкеси, жалпы 5 683,62 гектар жер пайдаланууга берилген. Мисалы, Баткен облусунда 2011-2016-жылдары Кытай менен байланышкан инвесторлорго мунай издөө жана казып алуу, сымап, темир рудасы, гипс өндүрүү, жол жана завод куруу үчүн жер тилкелери берилген.
Бир эле "Глав нефтегаз" компаниясына Ак-Турпактагы Чоң-Гара участогунан 2012-жылы 3 063 гектар, андан тышкары, дагы 104 жана 115 гектар жер мунай казып алуу максатында пайдаланууга берилген. 2016-жылы Кадамжай районунда "НПЦ Тянь-Шань" компаниясына модулдук завод куруу үчүн 58,82 гектар жер 49 жылга берилген.
Чүй облусунда дагы ушундай мисалдар бар. 2012-2014-жылдары Кемин районунда кытайлык инвесторлор катышкан "Алтынкен" компаниясына тоо-кен тармагы үчүн 169,79 гектар жер 49 жылга, "Салют Компани" компаниясына 12,5 гектар жер 49 жылга берилген. Чүй районунда "Искра Азии" ишканасы 565 гектар жерди 49 жылдык мөөнөткө пайдалануу укугуна ээ болгон.
2014-жылы Жайыл районунда "Чайна Петроль Компани Джунда" компаниясына бензин, дизель жана суюлтулган газ чыгаруучу завод үчүн 217,7 гектар жер 49 жылга берилген. 2016-жылы Военно-Антоновка аймагында "Тянь-Шань Керамик" компаниясына кафель чыгаруучу завод куруу үчүн 18,76 гектар жер 49 жылга берилген. Мындай мисалдар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана башка аймактарда дагы болгон.
Ижара жерлер Кытайдын инвесторлоруна гана берилген эмес. Казакстан, Орусия, Түркия, Австралия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн инвесторлору дагы Кыргызстандын аймагында жер тилкелерин узак мөөнөткө пайдаланып келишкен.
Бишкекте чет өлкөлүк компанияларга жана уюмдарга 49 жылдык мөөнөт менен жер берүү практикасы мурда эле болгон. Мисалы, Американын Борбордук Азия университетине 2011-жылы 2,7 гектар, Түркияга байланыштуу "Бета Кыргызстан Интернешнл" компаниясына 2015-жылы 0,927 гектар, Россиянын "Газпром Кыргызстан" компаниясына 2016-жылы 0,7 гектар жер 49 жылдык мөөнөткө берилген.
Ысык-Көлдө Казакстандын санаторийи жана жогорку окуу жайларына тиешелүү пансионаттар пайдаланган ондогон гектар жерлер боюнча да 49 жылдык укуктар мурда эле катталган. Демек, "Садыр Жапаров 2020-жылдан кийин бийликке келип, биринчи жолу Кыргызстандын жерлерин чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө бере баштады" деген пикир тарыхый жана укуктук фактыларга туура келбейт.
Мамлекет жерди инвесторго дароо эле 50 жылга берип салууну эмес, 10 жыл, андан кийин 25 жыл, зарыл болсо 50 жылга чейин этап-этабы менен узартуу механизмин сунуштап жатат. Башкача айтканда, инвестор алгач өзүнө алган милдеттенмесин аткарышы керек. Завод курам десе завод курушу, белгиленген инвестицияны алып келиши, жумуш орундарын түзүшү, салыгын төлөшү керек. Милдеттенмелер аткарылса гана кийинки мөөнөт каралат",- деп айтылат билдирүүсүндө.