Биз социалдык тармакта

ШКУ саммитине даярдыктын алкагында борбор калаада 83 даана акация көчөттөрү отургузулду

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы ШКУ саммитине даярдыктын алкагында Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортокев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки тилкесинде жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жабык тамыр системалуу 83 даана ири көлөмдөгү штамбдуу акация көчөттөрү отургузулду. Дарактардын туруктуу өсүшү үчүн сөңгөгү кап менен оролуп, атайын таңгычтар аркылуу бекемделди.

Мындан ары бул тилкеде газон төшөө, бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштерин жүргүзүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан