Белгилүү ырчы Анатолий Цой 21-июлда өзүнүн Instagram баракчасына үйлөнүү аземинен сүрөттөрдү жарыялап, күйөрмандарын таң калтырган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышкан.
Ырчы сүрөттөрдө колуктусунун жүзүн коомчулукка көрсөткөн эмес, жөн гана "И я надел ей кольцо на пальчик" (Мен анын манжасына шакек кийгиздим) деген жазуу калтырган. Маалыматтарга караганда, жубайлар Москвада баш кошкон.
Анатолий Цой - Казакстандын Талдыкорган шаарында төрөлгөн, 2014-жылы түзүлгөн белгилүү MBAND тобунун мүчөсү катары таанылган. Аталган топ "Она вернётся" сыяктуу хиттери менен популярдуулукка жетип, 2020-жылы топ тарагандан кийин Цой жеке чыгармачылык жолун уланткан.
Ырчынын үйлөнүү тууралуу жаңылыгы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, күйөрмандары жаш жубайларга куттуктоолорун жолдошууда.