Биз социалдык тармакта

Кремль АКШ өкүлдөрүнүн Москвага келишин күтөт

Кремль АКШнын сүйлөшүүчүлөрү жакын арада Москвага келип, Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча бетме-бет сүйлөшүүлөрдү улантат деп үмүттөнөрүн билдирди. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге маалымдаган.

Анын айтымында, америкалык өкүлдөрдүн убактысы болгондо Москвага келип, эки тараптуу диалогду улантуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Бүгүн Манила шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушту.

Жолугушууда Лавров Орусия Украинадагы жаңжалды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экенин белгилеп, Киевге курал-жарак жеткирүүнү улантуу кабыл алынгыс экенин айтты.

Тараптар тышкы иштер министрликтери аркылуу байланыштарды жана сүйлөшүүлөрдү мындан ары да улантуу боюнча макулдашканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан