Биз социалдык тармакта

Астанада биринчи жолу аэротакси сыноодон өтөт (видео)

Эртең, 24-июлда Казакстандын Астана шаарында биринчи жолу аэротакси учагы көрсөтмө катары сыноодон өтөт. Сыноо "Казанат" ипподромунун аймагында өтөт. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Электр менен иштеген бул учак тик учуп-конуучу eVTOL деп аталат. Ал 1 учкуч жана 5 жүргүнчү үчүн ылайыкталган. Учак саатына 200 чакырым ылдамдыкта учуп, 200 чакырым аралыкты басып өтө алат.

Аэротакси Астананын үстүндө эртең менен саат 09:00дө учат деп пландалууда. Бирок аба ырайы начар болсо, убактысы өзгөрүшү мүмкүн.

Казакстанда аэротакси биринчи жолу май айында Алатау шаарында сыноодон өткөн. Буга утурлай эле июнь айында өлкөдө аэротакси жана учкучсуз учактарды өнүктүрүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынган.

Астанада биринчи жолу аэротакси сыноодон өтөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан