23-июлда Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок жарандарды аныктоо, аларга жардам көрсөтүү жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында «Селсаяк» аталышындагы профилактикалык рейд старт алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө шаар аймагында кароосуз калган жана туруктуу жашаган жери жок жарандар аныкталып, аларга медициналык, социалдык жана башка керектүү жардамдарды көрсөтүү иштери жүргүзүлдү. Муктаж болгон адамдарды убактылуу муниципалдык түнкү башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү да каралды.
Мындан тышкары, шаардагы кароосуз калган имараттар, жер төлөлөр жана башка жайлар текшерилип, селсаяктардын топтолушуна жол бербөө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча профилактикалык иштер аткарылды.
Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, рейддин негизги максаты — коомдук тартипти сактоо менен катар турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды өз убагында аныктап, аларды тиешелүү социалдык кызматтарга багыттоо.
«Селсаяк» профилактикалык рейди 24-июлда да улантылат.