Бишкекте алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу 30-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга пакистандык жигит кайрылган. Ал өзүнүн жердеши шаардагы жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүүгө жардам берем деп 5 миң доллар сураганын айткан.
Мындан сырткары ушундай эле арыз менен дагы бир жаран кайрылып, ал 3 миң доллар бергенин айткан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бир адам кармалып, иликтөө жүрүүдө.