Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов Баткен районунда курулуп жаткан социалдык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Иш сапарынын алкагында курулуштун сапаты, жумуштардын аткарылышы жана бекитилген графиктин сакталышы бааланды.
Текшерилген объекттер:
* Кадамжай районунун Айырбас айылындагы 500 орундуу мектеп;
* Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектеп;
* Баткен районунун Жаңы-Достук айылындагы 225 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана ФАП.
Айырбас айылындагы мектептин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Учурда негизги иштер дээрлик аяктап, эмеректер орнотулуп, айланасы көрктөндүрүлүүдө. Долбоордун жалпы баасы 157 миллион сомду түзөт.
Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектеп 2023-жылдын сентябрында курула баштаган. Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштеринин акыркы этабы жүрүп жатат. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт.
Ошондой эле Жаңы-Достук айылында 225 орундуу мектептин, 100 орундуу бала бакчанын жана фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулушу уланууда.
Бул долбоорлор аймактагы социалдык инфраструктураны жакшыртып, калкты сапаттуу кызматтар менен камсыздоого жана балдардын заманбап, коопсуз шартта билим алышына өбөлгө түзөрү белгиленди.