АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы мурдагыдан да күчтүү аскердик сокку урууну караштырып жатканын билдирди.
Ал Axios басылмасына берген маегинде мындай чечим кабыл алууга жакын экенин айтып, АКШ мындай операцияны жүргүзүүгө толук даяр экенин белгиледи.
Трамптын айтымында, эгер Вашингтон сураныч менен кайрылса, операцияга Израил да кошулушу мүмкүн. Ошол эле учурда ал АКШ мындай аракетти ишке ашыруу үчүн «эч кимге муктаж эмес» экенин баса белгилеген.
Азырынча Иран тарап бул билдирүүгө расмий жооп бере элек. Ошондой эле Трамптын сөздөрү АКШнын расмий чечими эмес, анын билдирүүсү катары айтылган.