Бишкек шаарында алдамчылык фактысы боюнча эки жаран кармалды

Бишкекте алдамчылык фактысы боюнча эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди. 16-декабрь күнү Бишкек шаарынын тургуну 2012-жылдын апрель айында анча тааныш эмес адам ишенимге кирип Тойота Калдина үлгүсүндөгү унаасын алып, кайтарып бербегендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң 29 жаштагы Б.Константин кармалды. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну 2012-жылдын июнь айында анча тааныш эмес адам 5000 долларын алып, кайтарып бербегендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында 40 жаштагы М.Ильяс кармалды. Учурда жогорудагы эки иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан