Кечээ, 23-июлда саат 21:00 чамасында жамгырдын кесепетинен Баткендин Суу-Башы айыл аймагындагы Жаңы-Достук айылында сел жүрдү.
Натыйжада бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү сел агуучу сайдан өтө албай калган. Анткени эки тарабынан тең сел жүрдү. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен беш куткаруучу барып, жарандарды аман-эсен коопсуз аймакка чыгарышты.